Монголияда кыргызстандык мугалим биринчи даражадагы төш белги менен сыйланды

Монголияда орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген Мира Сагынбаева Монголиянын биринчи даражадагы мугалими төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, орус тили жана адабияты мугалими Мира Сагынбаевага ыйгарылган Монголиянын биринчи даражадагы төш белгиси монгол балдарына билим берүүдөгү күжүрмөн эмгеги үчүн тапшырылды. Мира Сагынбаева Монголиянын Улан-Батор шаарындагы мектептердин биринде орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеген. Ал жакка атайын чакыруунун негизинде эки жылдык келишим менен барган.

Читайте также: