Япония менен АКШнын окумуштуулары рак оорусуна каршы вакцина ойлоп табышты

Япония менен АКШнын окумуштуулары залалдуу шишиктерди жок кылуучу жана иммундук системаны чыңдоочу рак оорусуна каршы вакцина жасашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Вакцина бардык курактагы бейтаптарга арналган, рактын бардык түрлөрү менен күрөшөт. Дарыны жаратуучулардын айтымында, адамдар азыркы химиотерапиядан тышкары онкология менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасына ээ болушат.

Жаныбарлар боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында вакцинанын шишиктерди коргоочу клеткаларга тийгизген таасирин аныктоого мүмкүн. Дары жабыркаган клеткалардагы белоктордун тыгыздыгын жогорулатуу менен иммунитетти жаратат.

Окумуштуулар вакцинаны адамдарда сынай башташты жана процесстин ийгиликтүү аякташын күтүп жатышат. Эгер оң болсо, дары рак менен күрөшүү үчүн сатылат.

Читайте также: