Футбол: Кыргызстан менен Тажикстандын оюнуна 16 миңден ашык билет сатылды

Бүгүн, 14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын оюнуна 16 миң 470 билет сатылгандыгын  Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, стадиондун сыйымдуулугу 18 миң 500 адамга ылайыкталган. Оюн саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан Сингапурду (2:1) жана Мьянманы (2:0) жеңген. Кыргызстандын футбол командасы Азия кубогуна жолдомо алган. 

 

Читайте также: