Видео-Таласта чоңдугу тооктун жумурткасындай болгон мөндүр жаады

Бүгүн, 13-июнь күнү Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл аймагына катуу жааган жаандын артынан мөндур жаады.
Жергиликтүү тургундар аба-ырайынын мындай кубулушун видеого тартышып, мөндүрдүн чоңдугун тооктун жумурткасынча бар деп салыштырышкан.
Видеодо көргөндөй мөндүрдүн айынан талаа бети кыштагыдай ак түскө кубулуп, дыйкандар чоң мөндүрдүн кесепети эгиндерибизге тийбесе экен дешүүдө