Эл өкүлүнө кайрылган элет элинин маселеси чечилүүдө

Талас облусуна караштуу Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн тургундарынын көйгөйлөрү четинен чечилүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган айыл өкмөттүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабековго элет жериндеги  бир нече маселелерди айтып кайрылышкан.

Алардын катарында, 3600 метр жерге дренаж казуу, Кыргызстан айыл өкмөтүнүн ооруканасын оңдоп-түзөө, айыл жаштары үчүн кичи футбол аянтчасына демөөрчүлүк кылуу болгон.

Талас облусундагы Манас шайлоо округунан эл өкүлү болуп шайланган Дастан Жумабеков жергиликтүү кеңештин депутаттарын жылуу маанайда тосуп алып, эл көйгөйүн чечүүгө болгон күч-аракетин жумшаарын белгилеген.

Учурда Дастан Жумабеков тарабынан Кыргызстан айыл өкмөтү үчүн  кичи футболдук аянтчасынын курулуш иштери кызуу жүрүп, калган маселелер иш үстүндө дагы каралууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.