20 сантиметр. Узун кирпиктүү айым дүйнөлүк рекордду жаңылады

Кытайдын тургуну жыйырма сантиметр кирпик өстүрүп, өзү мурда койгон дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу «Гиннесстин рекорддор китебинин» сайтында көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-майында «Гиннесстин рекорддор китебинин» эксперттери Ю Цзяньсяндын кирпиктерин өлчөп, жаңы дүйнөлүк рекорд койгон. Анын кирпиктеринин орточо узундугу 20 сантиметр болсо, сол көзүнүн үстүнкү сурмасында эң узун кирпик 20,5 сантиметрди түзгөн.
2016-жылы кытайлык аял дүйнөдөгү эң узун кирпиктердин ээси катары биринчи жолу «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген. Ошондо алардын узундугу 12 сантиметрден ашкан.

«Менин кирпиктерим тынымсыз өсүп жатканын 2015-жылы түшүндүм. Алар бара-бара узарып жатты. Эмне үчүн менин кирпигим башкалардыкына караганда узун экенин билүү үчүн дарыгерлерге кайрылдым. Алар муну түшүндүрө албай, таң калышты», — деди Цзянься.

Ал кошумчалагандай, эч качан тушь же боёчу каражаттарды колдонбойт. Узун кирпиктердин аркасында анын көздөрү макияжсыз деле укмуштай көрүнөт.

Ю болуп жаткан окуяларга илимий түшүндүрмө табууга аракет кылып, генетикадан себептерди издеген. Бирок анын жакындарынын эч биринде мынчалык узун кирпиктер болгон эмес.
Булак: Супер кж 

Читайте также: