Ак-Ордо конушундагы көчөлөр оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Бишкекте Ак-Ордо көчөсүнүн Алыкуловдон Тагай бийге чейинки бөлүгү унаалар үчүн ачылды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор боюнча жолдун узундугу 0,793 км, унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 7 метр, ошондой эле жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн эки тарабына 1,5 метр тротуар жана ирригация төшөлгөн.

Жол иштери ушул жылдын 27-февралында башталган.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытайдан келген гранттын эсебинен ишке ашырылып жаткан «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлдү.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.