Калдарбек Койлубайтегин: «Талгарбековдой “таарынычы” ичине батпагандар кыймыл түзүшкөнү менен, киргилттеген сууну тундурууга акылдары жетпей жатат»

Калдарбек Койлубайтегин: «Талгарбековдой “таарынычы” ичине батпагандар кыймыл түзүшкөнү менен, киргилттеген сууну тундурууга акылдары жетпей жатат»

-Калдарбек агай, Бекболот Талгарбеков Садыр Жапаров 31- август эгемендик күнү элге кайрылып, «колуман келишинче аракетимди жасадым, эми өз ыктыярым менен отставкага кеттим» десе, анда бул тарыхый чечим болмок!»-дептир. Ал бул сөзү менен чындап президентке жакшылык кылып жатабы же башка максаты барбы?
-Талгарбеков эт менен челдин ортосундагы кечээкиге тойбой, бүгүндү тим койбой , аркы жээк менен берки жээкте буту күйгөн тооктой жүгүрүп жүргөн саясатчымын деген чала жарчы. Өзү түшүнбөгөн айыл чарбасын талкалоого жанын берип, жексен кылгандыгын эрдик катары көрүп жүргөнүнүн өзү эле неден кабар берет. Албетте, капчыктууларды мээси менен шол чөнтөгү катуу ойлонтот. Ар кандай болгон-болбогон идеяларга азгырылышат. Максаты “илибой” жол менен тактыга жетүү. Бүттү. Кептин баары мына ушунда гана. Кыргызстан, анын эгемендүүлүгү, башкасы экинчи бир маселе.
Маалым болгондой Талгарбеков жана башка “таарынычы” ичине батпагандар оппозициялык кайсыл бир кыймылды түзүшкөн. Жок оппозицияны бар дешип. Кызыгы, бүгүн пралманеттин өзөгүндө системалуу оппозицияны түзүү үчүн жан далбас урушуп, катуу аракеттерин жасап жатышат. Эгерде парламенттеги акыркы окуяларга сереп салсаң… “на войне как на войне!” Мадумаров, Айжигитов, Масалиевдерди сүрүп, көмүскөдө АШАнын тыңчыкмалары мушун түйүп… болор болбос шылтоолордон улам учкундан жалынды түтөтүшүүдө.
Талгарбековдун жогорудагы ойу да ушул “партизандардын” денацификациялоого жан далбастаган “спец операциясыдыр”. Балким ал 2000-жылкы Ельциндин чечимин окуп калгандыр башы ооруп турганда, мүмкүн, дагы бир жомокчусунун ойудур. Бир сөз менен ары карап күлүп, бери карап ыйлай турган эле ишти ырасмий айтышып, өздөрү айтканга өздөрү ишенип алышкандай.
Дүйнөлүк тартип өзгөрүү алдында турган опурталдуу маалда койнундагы котур таштарын сууруп чыгышып, кайда ыргытышаарын билишпей, ойду-келди сого берүү менен элдин башын айлантып жатышат. Кечээки күндө калган ойлорун бүгүнүгө таңуулап…өздөрү киргилттенген сууну тундуруу керектигине башы жетпей жаткандыр.
Ооба, президенттин командасы жок, Ташиевдики бар… бийлик ошого өтүшү керек деген ириң жаралуу иттиктин караанын аралатып ийишти. Атайылап Талгарбековдун дзотко төшүн төшөп, Цицерон же Конфуций болушу ушул катардагы эле бирдеме. Булар эч кимге жакшылык кылган эмес, кылышпайт дагы. Анткени,өздөрүн өздөрү алдаганы, жалаң гана кызыкчылыктан бүткөн саясаттын табияты таптакыр башкача…Ошо сымал алардын президентке жа Ташиевге тартымыш болгону өздөрүн өздөрү алдаганы. Бүгүн “күчүң болсо акылды кереги не?” деген бүтүм кызыл камчысын алып жүрөт дүйнөдө. Демек, Талгарбеков жана анын айланасындагы “партизандарда да кудум эле ушул ой башка жолдору деле жок. Ал жөнүндө Ташиев өзү парламентте ачык айтпадыбы…Эң кызыгы Бекболот Талгарбеков Садыр Жапаров 31- август эгемендик күнү жалпы элге кайрылып, «бир муштумга түйүлөлү, бузукулардан түңүлөлү » десе, анда бул тарыхый чечим болмок!»-десе болмок экен…

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.