Эрнест Карыбеков: “Бекболот байкебиз инсайдер маалыматтарга таянып туура эмес сөздөрдү айтып коёт кез кезде”

-Эрнест мырза, саясатчы Бекболот Талгарбеков Садыр Жапаров 31- август эгемендик күнү жалпы элге кайрылып, «колуман келишинче аракетимди жасадым, эми өз ыктыярым менен отставкага кеттим» десе, анда бул тарыхый чечим болмок!»-дептир. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

-Садыр Жапаровду эл шайлаган. Мамлекеттин башчыларын эл шайлайт, эл кетирет. Ири державалардын геосаясатына Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жакпай жатат окшойт, бирок, эки дос мамлекетти башкарууда жакшы эле келе жатышат. Акырындап үйрөнүп, Кыргызстандын атын чыгарышат бул жигиттер. Бекболот байкебиз инсайдер маалыматтарга таянып туура эмес сөздөрдү айтып коёт кез кезде Антип айтса анда эмики президенттин атын айтсын. Көзү ачыктар көбөйүп кетти мошенниктерге окшоп. Дагы бир жолу кайталайм, карапайым элди ушул эки дос карайт. Элге таянып, тегерегин тазалап, иш алып барышса президент өзүнүн мөөнөтүнө чейин отурат. Туура эмес кеңеш бергендердин баарын кетириш керек. Геосаясатта бир сүйлөп, кыйшайбай түз жүрүш керек. Надо быть игроком, а не фигурой!

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.