Ибрагим Жунусов: “Камбар-Ата -1” ГЭСин куруп алсак, Кыргызстандын көз карандысыздыгын да сактап, башка мамлекеттерге электр энергиясын да сата баштайбыз”

—Ибрагим Кожоназарович, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу Кыргызстанды энергетика кризистен сактап, мамлекетибиздин өнүгүшүнө, экономикабыздын жогорулашына салым кошобу?
-“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу Кыргызстанга абдан керек. Себеби, “Камбар-Ата-1” болбосо, “Камбар-Ата-2” өз күчүн көрсөтө албай жатат. Кудай буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүтсө, Кыргызстанда энергетикалык кризис такыр болбойт. Себеби дегенде энергетикабыз мурдагыдан эки эсе күчтөнөт. Эң негизгиси ГЭСтин курулушу баштала электе кошуналар менен такташып, ачык сүйлөшүп алышыбыз керек. Анткени, кийин биз ГЭС курууга кошулганбыз, инвестиция салганбыз, бизге мынчасын бересиңер деп чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн мындай маселелерди эрте жарыкта чечип алышыбыз керек. Анткени, “Камбар-Ата-1” ГЭСи Кыргызстан үчүн эле эмес, Өзбекстан, Казакстан үчүн да өтө керектүү. Ошон үчүн “Камбар-Ата-1” ГЭСин илгертеден эле ана курулат, мына курулат деп пландашчу. Буюрса. “Камбар-Ата -1” ГЭСин куруп алсак, Кыргызстан көз карандысыздыгын да сактап, башка мамлекеттерге электр энергиясын да сата баштайбыз. Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан 2-3 эсе кымбат сатып албай калабыз.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.