Жети-Өгүздөгү Сырт өрөөнүндө кийиктер массалык түрдө кырылууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сырт өрөөнүндө
кийиктер массалык түрдө кырылып жатат. Бул тууралуу Turmush
басылмасынын аймактык кабарчысына Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы
Эрлан Асаналиев билдирди.
«Биз мал-жандыктарды түгөлдөө үчүн тоого чыгып, алыскы Ак-Шыйрак айыл
аймагынын Сырт өрөөнүнө караштуу Коёнду, Эмеген, Үзөңгү-Кууш
капчыгайында кийиктердин өлүп жатканына күбө болдук. Кийиктердин
көздөрү сыртка агып түшүп калган. Ошентип отуруп 24кө чукул өлүк
кийиктерди көрдүк. Ал эми көрүнбөй жатканы канча?», — деди ал.
Сырт өрөөнүндө мал баккан чабандар мындай кубулушка биринчи жолу күбө
болуп жатышкандыгын белгилешти.
Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы
жайлоолордо кар эриген сайын өлүк мал-жандыктар чыгып жаткандыгын
жазган.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Кара-Баткак жайлоосу айылдан 17 чакырым
алыстыкта жайгашкан. Тоодо тизеге жете жааган кар чабандарга бир топ
оорчулук жаратуу менен бирге чыгымга алып келди. Аталган жайлоого 5 чабан
мал-жандыктары менен чыгышкан. Учурда болжол менен 64 бодо мал
өлгөндүгү аныкталды. Кара-Күнгөй жайлоосунда каттуу жааган жаандан улам
50 баш кой өлгөндүгү маалым. Ал эми чабандардын көпчүлүгүнө суук тийип,
ооруп калышкандыгы белгилүү болду.
Өлгөн бодо малдардын арасында асыл тукум, 100 миң сомго чейинкилери
болгон. Алардын бирин карагай басып, чыга албай өлүп калганын видео
аркылуу көрсөк болот.
Жергиликтүү бийликтиин өкүлдөрү 3 күн чабандар менен жашап, алардын
абалы менен кабардар болушту. Өкмөт тарабынан азык-түлүк, жылуу
кийимдер жана күйүүчү май камсыздалды.

Читайте также: