Сабалган жоокердин апасы: Министрлик алдап жатат. Балама эч кандай жардам берилген жок

Сабалган жоокер Бекзат Эсенбековго баардык керектүү жардамдар, даары-дармектер берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында Бекзатты  сабаганга шектүүнүн туугандары да акчалай жардам берүүдө деген.

Бирок пресс-конференция учурунда келип, баласына эч кандай жардам көрсөтүлбөгөнүн, Урматбек Шамырканов алдап жатканын, шектүү тараптан эч кандай акчалай жардам берилбегенин айтты.

«Баламды 8 ай бою кыйнашыптыр. Единица сал деп далай сабашкан. 3 күнгө үйгө келип, 26-майда кайра кызмат өтөөгө кеткен. Ошондо аны акча алып келбейсиң деп сабашыптыр. Эми ким жооп берет? Уялбай жардам көрсөтүлүп жатат деп кантип айтып жатасыңар. Бир тыйын да берген жоксуңар го»,-деди апасы.

Эске салсак, 31-майдан 1-июнга караган түнү жоокер Бекзат Эсенбеков сабалган.

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.