Нарында келинине болушкан кайната жан берди. Шектүү кармалды

Нарын облусунда өз атасын бычак менен сайып өлтүргөнгө шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү саат болжол менен 14:30 чамасында Нарын районунун Алыш айылынын тургуну 1975-жылы туулган К.Т. өзүнүн үйүнөн атасы 1951-жылы туулган К.Э. ны бычак менен сайып, денесине жаракат келтиргенин Нарын облустук ооруканасынан билдиришкен. Окуя болгон жерге Нарын РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда 7-июнь күнү саат 13:30 чамасында Нарын районунун Алыш айылынын тургуну эшиктен мас абалында үйүнө кирип келип, жубайы менен уруша кеткен. Келинине болушкан атасын шектүү жүрөк тушунун бир жолу бычак сайып жиберген. Натыйжада шектүүнүн атасы денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калган. Бирок окуя болгон жерден шектүү изин жашырып качып кеткен. Аталган факты Нарын РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.