Дастан Жумабеков Кара-Бууранын жергиликтүү депутаттары менен жолукту

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков Кара-Буура районунун жергиликтүү депутаттары менен жолугуп, Жогорку Кеңештин ишмердиги менен тааныштырып, Жогорку кеңештин депутаттары Руслан Жакышов, Бактыбек Чойбеков биргелешип иш алып баруу тууралуу макулдашышты.

    Жолугушуу учурунда көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн көпчүлүгү таза суу, канал ошондой эле социалдык камсыздоо тармагына тиешелүү болду. Айылдык кеңештин депутаттары белгилегендей, райондордо ден-соолукту калыбына келтирүү борборлорун ачууну сунушташты. 

  Ошондой эле аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп анын ичинен социалдык объектилердин жетишсиздиги жана куруу маселеси талкууланды.

  Андан тышкары, айылдык кеңештин депутаттары, элдин үнүн жеткирген Жогорку Кеңештин депуттаттарына ыраазычылыктарын билдиришти.

    Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков — “Мамлекеттин өсүп өнүгүшүнө салым кошуу менен бирге, жергиликтүү депутаттар менен тыгыз иштөөдө көп маселелер чечилерин белгиледи”. Элибизди ынтымака үндөп, Кара-Буура районун жергиликтүү депутаттарына жана мекеме жетекчилерине ыраазычылык каттары тапшырылды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.