Тереңдиги 17,5 метр. Кыргызстанда дагы бир туннель табылды

2022-жылдын 4-июнунда КР УКМК, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын өнөктөш кызматтары менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу шарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын жер астындагы өтмөк менен байланыштырган туннель табылган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 
Туннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, кире бериштен (КР) чыгуусуна (РУ) 155 метрге жакын экени аныкталган.
Учурда бул туннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелуу тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.