«Ала-Тоо» аквапаркында каза болгон окуучунун апасы үн катты

Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун апасы окуя боюнча комментарий берди. Ал социалдык тармактагы баракчасына: «Менин балам классы менен «Ала-Тоо» аквапаркына кеткен. Ал жакта балдар менен эки ата-эне жана куткаруучулар болот дешкен. Мен мектепке жана куткаруучуларга ишенгем. Бирок балам сууга чөгүп кетти. Дароо «Тез жардам» чакырышкан эмес, мен ал жакка 15 мүнөттөн кийин келген соң гана «Тез жардам» келди. Мен эми баламсыз кантип жашайм? Анын өлүмүнө ким жооп берет? Ошол учурда куткаруучулар кайда болушкан? Уулум бир айдан кийин 10 жашка чыкмак…», — деп жазган апасы. Эскерте кетсек, кечээ, 6-июнда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.