20 жаштагы жоокердин аёсуз сабалышы: Шектүү камакка алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүндө 20 жаштагы жоокерди сабаганга шектүү аскер кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда,  7-июнда Аскер прокуратурасына катардагы жоокер Б.Эсенбековдун атасы Э.Смаилов арыз менен кайрылган. Анда ал 86123 аскер бөлүгүнүн контракттын негиздеги аскер кызматкери прапорщик Ж. уулу Т. карата чара көрүүнү суранган. Аскер прокуратурасы ӨКМнын 86123 аскер бөлүгүнө текшерүү уюштуруп, натыйжада аталган аскер бөлүктүн анык мөөнөттүү аскер кызматкери Б.Эсенбеков Бишкек шаарынын 4-ооруканасына табарсыгы жарылып жаткарылыгандыгы тастыкталган. «Бул факты Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш жазык кодексинин 338-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми ӨКМнын 86123 аскер бөлүгүнүн контракттык негиздеги аскер кызматкери Ж. уулу Т. Кылмыш жазык кодексинин 96-беренесинин негизинде камакка алынды. Бүгүнкү күндө Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан окуянын жагдайын жана башка жооптуу аскер кызматкерлери тарабынан анык мөөнөттүү аскер кызматкерлерине карата уставдык эрежелерин бузган фактыларын аныктөө боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү тараткан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.