Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапар менен келе турганы айтылды

Түркия лидеринин Бишкекке келиши туурасында Түркиянын парламентинин төрагасы жолугушуу учурунда айткан.

Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп ТР президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапар менен келиши тууралуу Анкарада кыргызстандык депутаттар менен жолугуп жатканда айтканын ТИМ билдирди.
Бирок маалыматта расмий сапардын кайсы айда болору так белгиленген эмес.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин бир нече депутаты 31-майдан 1-июнга чейин Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын (ТУУЖ) Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Акиф Чагатай Кылычтын чакыруусу менен аталган өлкөгө барышкан.
«Төрага Шентоп президент Эрдогандын Кыргызстанга боло турган расмий сапары жана Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 6-жыйынынын өткөрүлүшү эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү болорун белгиледи», — деп айтылган таратылган маалыматта.
Андан сырткары, июнь айында Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык жыйынын өткөрүү маанилүү экендиги тууралуу сөз болгон. Шентоп ал иш-чарага катышарын айткан.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелердин абалын жана өнүгүүсүн, парламенттик уюмдардын алкагында, анын ичинде достук топтору, фракциялары аркылуу кызматташууну талкуулаган.
Депутаттар Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин борбордук аянтындагы Манас баатырдын эстелигине зыярат кылышкан.
Түркия лидеринин Кыргызстанга расмий сапар менен келиши туурасында президент Садыр Жапаровдун Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндөгү маалыматта да айтылган эле.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.