Бишкектеги Ала-Тоо аквапаркында 3-класстын окуучусу чөгүп кетип каза болду

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. «Саат 11:13тө бала сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. 11:27де «Тез жардам» кызматы барганда бала суунун үстүнө калкып чыгып калган. Окуяга байланыштуу реанимациялык иш-чаралардын баары жасалган. Баланын каректери кеңейип, өпкөсүнө суу толуп калган. Каза болгон бала №95 мектептин 3-классынын окуучусу экендиги такталды», — деп билдиришти министрликтен. Өз кезегинде «Ала-Тоо» аквапаркы убактылуу жабылганын билдирди.

Ал эми бул окуя тууралуу маалыматты борбордун мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов төмөндөгүдөй маалымат берген: 

«Себептери азырынча белгисиз. Биз комиссия чогултуп жатабыз, бүгүн текшерүү үчүн мектепке барабыз. Буга чейин балдар ата-энелери менен болуп, майрам уюштурушкан. Окуу процессинде болгонбу, ошону билебиз.

Окуя болгон жерде куткаруучулар болгон-болбогону азырынча белгисиз», — деди ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.