Таласта Дастан Жумабековдун катышуусу менен бала бакча ишке берилди

Талас облусуна караштуу, Кара-Буура районундагы Сулуу Маймак айылындагы бала бакча өрттөнүп кетип бир жылдан бери калыбына келбей турган. Эми ошол бакчага «Бакубат Талас» камсыздандыруу бөлүмүнөн акча бөлүнүп, бала бакча калыбына келди. Бакчанын ичиндеги өрт чыкканга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков аталган бала бакчага ашканадан баштап, балдардын жаткан керебеттерине чейин алып берген. Бактыга жараша эмеректерди өрт учурунда алып чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ошондой эле аталган депутат ошол айылга спортко керектүү нерселерди алып бергенин, айыл эли Дастан Артисбековичке ыраазы болуп жатканын айыл тургуну Sokol.media сайтына билдирди.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.