Жумабеков өкмөттөн төө буурчак боюнча туруктуу өнүгүү стратегиялык пландоо программасын ишке ашырууну талап кылды

2022-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында депутат Дастан Жумабеков Талас облусундагы бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрдү.
Анда депутат төө буурчак жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери өстүрүлүп келе жатканын,  Талас облусунда алар негизги айыл чарба өсүмдүгүнө айлангандыгын айтты. Мына ушул маселе боюнча өкмөт тарабынан туруктуу өнүгүү стратегиялык пландоо боюнча программасын ишке ашырууну талап кылды. Ошондой эле Талас облусундагы Казакстан Республикасы менен чектешкен «Кичи-Капка» өткөрмө пунктун чечүү үчүн протоколдук тапшырма берилди. 

Читайте также: