ВИДЕО-Бостери айылынын тургуну сууга чөгүп бараткан эки чет элдик жаранды куткарып калган

Ысык-Көл районунун Бостери айылынын тургуну Мирлан Исмаилов сууга чөгүп бараткан чет элдик эки жаранды куткарып калды. Бул тууралуу  Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, бул окуя 2022-жылдын 31-майында болгон.

Окуянын күбөлөрүнүн маалыматына караганда, чет элдик жарандар (индиялыктар же пакистандыктар) Бостери айылына жакын жердеги пляжда сүзүүнү чечишкен. Аларды мындай опурталдуу кадамга барууга эмне түрткү болгонун түшүндүрүү кыйын. Майдын аягы, жада калса быйылкы жаз да көлгө сүзүү үчүн эң ыңгайлуу учур эмес. Кыязы, физикалык күчүн жоготкон чет элдиктер чөгө башташкан.

Жергиликтүү тургундардын бири, кийинчерээк белгилүү болгондой Мирлан Исмаилов көлгө чуркап барып, чет элдиктерди биринин артынан бирин жээкке сүйрөп чыккан.

Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.