ВИДЕО-378 баш кой-эчки, 142 баш бодо мал, 22 жылкы. Көлдөгү жайлоодо малдар кырылып калды

Буга чейин  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Сырт өрөөнүндө жарым метрден ашык жааган кар жолду жаап, айыл тургундары менен малчылардын байланышын үзгөн.  Анын кесепетинен ачкачылыктан жана сууктан өлгөн мал-жандыктар болгон. 

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары жана кызматкерлери авариялык-куткаруу унаасы (АСМ) менен Сырт өрөөнүнө кетишкен. Сууктан жана ачкачылыктан 378 баш кой-эчки, 142 баш бодо мал жана 22 жылкы өлгөн.

Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Турмуш басылмасы жазгандай, 29-майда башталган жамгыр карга айланып, ашуулар жабылды. Аны менен катар Каракол—Эңилчек унаа жолуна көчкү түшкөн.

Сырт өрөөнүндө 6 зона бар. Анын бири Кайыңды жайлоосунда эле 12 малчы жашайт. Ар бир короодо орточо эсептегенде 200 жылкы, 300дөн ашык бодо жана 7-8 миң кой бар экендиги белгилүү болду.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт өрөөнүнө 30-май күнү мал-жандыктарга тоют жеткирүүгө барган айыл тургундары 1-июнда кайтып келишти.

Сары-Камыш айылынын тургундары Бүркүт жайлоосундагы малга тоют керек болуп жатканын айтышты. Жайлоолордун биринде 8 ири короо кой болгон. Учурда ар бир короодо 10-15тен кой өлүп жатканы маалым.

Бодо малдар боюнча азырынча маалымат жок.

Сырт өрөөнүнө барып келген айыл тургуну Темирлан Догдурбаев окуя тууралуу кененирээк айтып берди.

«Биз 30-май күнү сырт өрөөнүнө айыл тургундары болуп чөп жүктөп алып, малдан кабар алганы Бүркүт жайлоосуна чыкканбыз. Айыл менен жайлоонун ортосу болжолдуу 75 чакырымды түзөт. Биз жолго чыкканда жайлоодо дагы деле кар жаап жаткан эле. Жолдо 6 кар көчкүнү кол менен тазалап отуруп, 16-17 саатта жеткенбиз. Алып барган чөп, өзүбүздүн азык-түлүгүбүз түгөндү. Кайра айылга чыгалы десек, жолдорго чоң кар көчкү түшүп, жол жабылып калган. Анан мен, дагы бир айылдаш бала болуп айылга жөө кете берели деп чечип, жөө жөнөдүк. Келе жатсак, ашууда жүктөгүч унаа кар тазалап, жолду ачып келе жатыптыр. 31-май күнү чыккан айыл эли чөп жүктөлгөн унаалары менен акырындан трактордун артынан жылып бара жатышат. Ошентип биз бүгүн түштө айылга келип, айыл элине болгон абалды айтып бердик. Өлгөн малдардын саны белгисиз», — деди ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.