Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисин кармоо. Азырынча кадрдык чечимдерге негиз жок — Байсалов

 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинде жыйын өткөрдү. 

 Жыйынга ведомствонун борбордук аппаратынын кызматкерлери, республикалык саламаттыкты сактоо мекемелеринин, республикалык борборлордун жетекчилери катышты.

«Азыр эң башкысы саламаттыкты сактоо уюмдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу. Биз жыйындын катышуучуларына өлкө жетекчилигинин бул тапшырмасын жеткирдик. Ар бир адам өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууну улантууда, медициналык жардам үзгүлтүксүз көрсөтүлүүдө, эч кандай мүчүлүштүктөр жок деп ишендирдим», — деди ал.

«Тергөө органдарынын аракеттерине комментарий бере албайбыз. Азырынча кадрдык чечимдерди кабыл алууга негиз жок»,-деген 

Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон. Бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, экөө пара талап кылуу беренеси боюнча, төртөө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү беренелери боюнча козголгон.

Читайте также: