Чек арада кайрадан ок атышуу. Тажик тарап оор аскердик техникаларын чек ара тилкесине алып келүүдө

Саат 14:00гө карата кыргыз -тажик чек арасында ок атышуу уланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тажик тарап оор аскердик техникаларын чек ара тилкесине алып келүүдө.

«Ведомство кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат» деп билдиришти атайын кызматтан.

Эске салсак,  Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында бүгүн, 3-июнда  саат 12:00 чамасында Булак-Башы айылында орун алды. Анда эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирине карата ок чыгарышкан.


Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.