Чек арада атышуу. Кыргызстандын эки аскери жаракат алды

Саат 14:15ке карата Баткен районунун Булак-Башы аймагындагы атышуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, саат 14.07де эки өлкөнүн чек ара бөлүктөрү ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын аткылоону саат 14.15ке чейин уланткан.

«Атышуу аяктады, эки тараптан тең жарадарлар бар», — деп айтылат маалыматта.

24.kg агенттиги өз булактарына таянып, эки кыргызстандык жарадар болгонун кабарлады. 

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында бүгүн саат 12.00дөр чамасында Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде жаңжал чыккан. Кыргызстандын чек ара кызматы коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлерин аныктады. Алар ойдон чыгарылган чек ара сызыгынан мыйзамсыз өтүп, Кыргызстандын аймагына кирип кетишкен. Аймактан чыгып кетүү талабына көңүл бурбай, тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерлерине ок чыгарышкан. Эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда атышуу болуп, тажик тарап минометторду колдонгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.