Алматы: Балбандар Айпери Медет кызы менен Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

Алматыда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык балбандар  Айпери Медет кызы менен Акжол Махмудов жарым финалга чыгышты. Мелдештин түз эфирин Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтынан көрсө болот.

82 килограммга чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов Түркиядан келген спортчуну утса, эки раунддун жыйынтыгында Айпери Медет кызы (76 килограммга чейин) жеңишке жетти.

77 килограммга чейинки салмак ченинде дагы бир кыргызстандык Ренат Ильяз уулу биринчи беттешинде жеңилип калды.

Кечээ Жоламан Шаршенбеков (63 кг чейин) менен Атабек Азисбеков (87 кг чейин) 3-орун үчүн беттешип, жеңишке жетишкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.