Токмоктогу Бурана мунарасынан 25 жаштагы кыз кулап каза болду

Токмоктогу Бурана мунарасынан 25 жаштагы кыз кулап каза болду. Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 30-майында Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аталган окуя тууралуу билдирүү келип түшкөн. Анын негизинде жерине ыкчам-тергөө тобу чыгып, 1997-жылы туулган С.М. аттуу кыздын каза болуп калгандыгы аныкталган.

Бул факт Чүй РИИБде катталып, тергөө иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул окуялардын күбөлөрүн жана Бурана мунарасынын кызматкерлерин суракка алган. Алар кыз жалгыз келгенин, эч ким жок учурда мунарага чыгып кеткенин, андан соң  анын жансыз денесин көрүшкөнүн айтышкан. 

«Учурда зарыл болгон бардык ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.