Кыргыз кызы Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты болуп шайланды

Түштүк Кореяда 1-июнда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу болуп өттү. Анда кыргыз кызы Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Кореядагы элчиси Аида Исмаилова социалдык баракчасына жазды:

«Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма Элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты патриот мекендештерибиздин бири. Айсулуу айым биз сиз менен сыймыктанабыз, чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу кызматыңызда ийгиликтер коштоп жүрүшүнө тилектешмин», — деп жазды элчи.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.