«Динозаврдан башка бардык жаныбарлардын сөөгү бар». Депутат Папан суу сактагычы таштандыга толгонун айтты

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычы булганып, ит-куштун өлүктөрү толуп калды. Бул туурасында бүгүн, 1-июнда парламент жыйынында депутат Айбек Осмонов айтып чыкты.

«Аталган суу сактагычтан Кара-Суу, Араван райондорунун, Ош шаарынын тургундары суу ичишет. Жергиликтүү тургундар айтмакчы, суу сактагычта динозаврдан башка бардык жаныбарлардын сөөгү бар. Желим бөтөлкөлөр, таштандылардын баары бар экен. Аткаруу бийлиги суу сактагычты тазаласын. Бардык оорулар ошол суудан келип чыгууда», — дейт ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.