Мындан ары энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салына баштайт

Алкоголь

Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тартып курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүдө акциздик салык салына баштай турганын билдирди.

Башкача айтканда, Министрлер кабинети бекиткен акциздик ставкага жараша аталган суусундуктун бир литрине он сомдон алынат.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмине сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат.

Мыйзам боюнча мындай суусундуктар 18 жашка чейинкилерге сатылбашы керек.

Булак: Азаттык

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.