Индияда 4 кол, 4 буттуу «жөргөмүш кыз» опперацияга муктаж

Индиянын Бихар штатында 4 колу, 4 буту бар кыз төрөлгөн. Ал жердин тургундары кыз төрөлөөрү менен ага «Жөргөмүш кыз» деген ат коюп коюшкан. 

Анын апасы  Ушу Деви өзгөчө кызды жарыкка алып келгенде көпкө чейин ишене алган эмес. Төрөлгөндө кызынын 2 колу менен бутунан тышкары курсагынан чыккан дагы 2 колу, 2 буту бар эле. Учурда «жөргөмүш кыз» аталган кызы 2 жарым жашта. Анын кошумча колу-буту ишке жарабай, кыз үчүн ыңгайсыздыкты жаратып келет. Карапайым турмушта жашагандыктан апасы кызын операция жасоого арналган атайын эсеп ачып койгон. Девинин буга чейинки уулу да майып болуп төрөлгөнү айтылат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.