Балдардарды коргоо күнүнө карата. Бишкекте эртең борбордук көчөлөр убактылуу жабылат

Бишкекте эртең, 1-июнда борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, бул балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөгө байланыштуу. Саат 7:00дөн 12:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылы жабылат:
-Чүй проспектисинин Турусбеков көчөсүнөн Абдрахмановго чейинки бөлүгү;
-Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
-Фрунзе көчөсүнүн Абдрахмановдон Орозбековго чейинки бөлүгү;
-Ала-Тоонун борбордук аянты.