Жапаров: Бакиев Атамбаев менен Исаковдун түшүнө мокочо болуп кирип турат окшойт

Президент Садыр Жапаров Кабар маалыматтык агенттигине маек берип жатып, Алексей Ширшовго байланыштуу суроого жооп берди. Анда ал: 

«Ал эми соцтармакта жазып жаткан мекендештериме айтаарым, менин таза иштээримден эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мага байлыктын кереги жок. Башкаларга окшоп президент боло калып эле үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер боло калуудан алысмын. Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди чакырып кабыл алдымбы, демек, бул дагы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгон. Бул маселелер боюнча бир аз убакыттан кийин кенен айтып берем.

Ал эми Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай коюшту. Бакиев дайыма мокочо болуп, экөөнүн түшүнө кирип турат окшойт (күлүп)«,-деген президент. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.