Жамин Акималиев, академик: “Эки өлкөнүн жетекчилеринин колдору коюлган келишимдердин ичинен мага жакканы айыл чарбасы болду”

— Жамин агай, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Кайсыл келишим мамлекет үчүн пайдалуу болду деп ойлойсуз?
-Эки өлкөнүн жетекчилеринин колдору коюлган келишимдердин ичинен мага жакканы айыл чарбасы болду. Тилекке каршы, өткөн жылы бизде бул маанилүү тармак аябай артка кетти. Мисалы, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган тамак-аштардын башкы сабында турган буудай өсүмдүгүнүн түшүмү эки эсеге төмөндөдү. Биз азыр орто эсеп менен жылына 500 миң тоннага гана жакын буудай өндүрөбүз. Ал эми Казакстанда өстүрүлгөн буудайдын дүң жыйымы 20 миллион тоннадан ашат, же болбосо бизге караганда 40 эсе көп. Демек, Казакстандын айыл чарбасы жаатындагы алдыңкы тажрыйбасын Кыргызстанга жайылтышыбыз зарыл. Натыйжада өзүбүздү өзүбүз нан менен камсыз кыла алабыз.
— Эл аралык деңгээлдеги Евразиялык экономикалык форум кандай өттү?
-Евразиялык форум жогорку деңгээлде өттү. Бул 5 мамлекет кошулган Биримдиктин аймагында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жыйын болду. Мага Орусия Президенти Владимир Путиндин сөзү өзгөчө жакты. Ал «Евразия» деген биримдик тыгыз байланышта болуп натыйжалуу иштеши керек деди. Ошол эле учурда ар бир өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыгын сактап калышы зарыл экендигин баса белгиледи. Бул жагынан алганда Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү аябай көп.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.