Ош шаарына быйыл 20дан ашык жол куруу техникасы алынат

Биринчи шаарга асфальт казуучу техниканы алып келип сынап көрүшкөн.

Ош шаарына быйыл 20дан ашык жол курууга керектелген техника алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган техниканын алгачкысы сатып алынып, пайдаланууга берилген.
«Калаа мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, вице-мэр Жасур Азимов «Ош шаардык жолдор башкармалыгы» тарабынан атайын жол курулуш техникасын сатып алуу боюнча протоколдук тапшырманын аткарылышын текшерди. Ага ылайык, жаңы алынган агрегат – асфальт фрезер сыноодон өткөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, техника жергиликтүү бюджеттин жана Кытай грантынын эсебинен алынмакчы.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.