Кыргызстанда биринчи күн станциясы курулат – аны Евразия өнүктүрүү банкы 40 млн долларга каржылайт

Евразия өнүктүрүү банкы, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, «Астана» ЭФБнын Жашыл каржы борбору жана «Бишкек Солар» ЖЧКсы Кыргызстанда күн электр станциясын куруунун биринчи этабын каржылоо боюнча кызматташуу келишимине Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун алкагында кол коюшту.
«Мындай долбоор республикада биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Күн станциясынын кубаттуулугу жылына 50 МВт же 91 млн кВт саатты түзөт. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) жаңы объекти өлкөнүн түндүгүндө, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жайгаштырылат, бул аны электр энергиясынын зарыл болгон кошумча көлөмдөрү менен камсыз кылат, электр энергиясынын тартыштыгын азайтат жана өлкөнүн суу ресурстарын үнөмдөөгө жардам берет», – деп билдирди ЕАӨБ.
Ошондой эле кол коюлган келишимге ылайык, ЕӨБ электростанциянын курулушун 40 млн долларга чейин каржылоого кызыкдар экенин билдирди.
Кыргызстан Евразия чөлкөмүндө күн энергиясынын ресурстарына ээ болуу боюнча алдыңкы орундарда турат. Күндүн орточо жылдык узактыгы 2100-2900 сааттын тегерегинде өзгөрүп турат. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күндүн горизонталдуу нурлануусунун мааниси жылына 13 001 800 кВт/саат/м2 диапазондо белгиленет. ПРООНдун маалыматы боюнча, өлкөдөгү күн электр станцияларынын орнотулган кубаттуулугунун техникалык потенциалы 267 ГВт түзөт.
«Бул долбоор Борбордук Азия үчүн да, КР үчүн да жогорку экологиялык жана социалдык мааниге ээ, мамлекеттин түндүк аймактарын электр энергиясы менен камсыз кылат. Банкка мүчө мамлекеттерде жашыл каржылоону жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү биздин 2022-2026-жылдарга карата стратегиябыздын негизги багыттарынын бири болуп саналат.
КР туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө долбоорлорду өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ жана биз жаңы түзүлүп жаткан GFC Bishkek компаниясы аркылуу ESG-практикасын ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтөбүз», – деди ЕАӨБдүн башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов.
______________
Евразия Өнүктүрүү Банкы – 15 жылдан ашык убакыттан бери евразиялык экономикалык байланыштарды чыңдоого жана кеңейтүүгө, ага мүчө өлкөлөрдүн ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берип келет. Банктын уставдык капиталы 7 млрд долларды түзөт. ЕАӨБдүн портфелинде негизги үлүштү транспорттук инфраструктура, санариптик системалар, жашыл энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана машина куруу чөйрөсүндө интеграциялык таасири бар долбоорлор ээлейт. Банк өз ишинде БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын жана ESG принциптери менен иш алпарат

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.