Кеминде эки мектептин окуучулары мушташып, бир окуучу ооруканага түштү

Кеминде эки мектептин окуучулары мушташып, ар кандай жараат алган бир өспүрүм ооруканага түштү. Бул маалыматты Чүй облустук милициясы билдирди. Маалыматка караганда, окуя 27-майда болгон. Ушул күнү милицияга денесинен ар кандай жараат алган 15 жаштагы бала ооруканага кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн. Баланын апасы сабаган балдарды аныктап, чара көрүүнү өтүнүп, милицияга арыз жазды.

Чүй облустук милициясынын дагы бир маалыматына караганда, 26-майда Токмок шаарындагы мектептин 8-9-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, 15 жаштагы бир өспүрүм ооруканага кайрылган. Маалыматта жаңжалга катышкан балдардын тек-жайы аныкталганы айтылат. 27-майда бул окуяга байланыштуу бир нече ата-эне милицияга арыз жазды.

Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда түшүндүрүү, териштирүү иштери жүрүп жатат деди милиция.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.