Даарыгер Эрнст Акрамов Чыңгыз Айтматов атындагы медаль менен сыйланды

Медицина илимдеринин профессору, Кыргыз Эл Баатыры Эрнст Акрамов Чыңгыз Айтматов атындагы медаль менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду. Сыйлыкты Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун катчысы Ассоль Молдокматова тапшырды.

«Эрнст Хашимович көп жылдар бою Кыргызстандын элин сактап калуу менен чектелбестен, республиканын маданиятынын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп келет. Атактуу “Акрамовдун кечтери” баарыбыздын эсибизде. Чыңгыз Төрөкулович сиздин эмгегиңизди, элге болгон мамилеңизди абдан сыйлап, баалады», — деди ал.

Эске салсак, март айында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамов атындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий борбору жабылганын билдирген.
Ал белгилегендей, ал жаңы башкы дарыгерди дайындаган. «Акрамовду кайда коет, билбейм. Ал жерде иштебейт, бирок жашайт. Мен: кууп чыкпа, аман болсун дедим. Анын үйү, жакындары жок. Аман болсун”,-деген Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргызстандыктар Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу жана ага батир берүү өтүнүчү менен петиция түзүшкөн.  Кийинчерээк министр хирург Эрнст Акрамовдун аты аталган бөлүмгө да татыксыз экенин айтып, аны «лопух» деп атаган.

Буга жооп кылып республикада  Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо боюнча штаб түзүлгөн. Анын өкүлдөрү министр Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну талап кылышкан.

24-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу чечими бекитилгенин билдирген. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.