Депутат өлкөнүн мектептерине видеокөзөмөл камераларын орнотууну сунуштады

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева мектептерге видеокөзөмөл камераларын орнотууну сунуштады.

Анын айтымында, окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы чыр-чатакка эки тарап тең жооптуу.

«Мугалимдин жоопкерчилиги бар, бирок ата-энелердин да жоопкерчилигин кароо зарыл. Ата-энелер каалаган убакта кирип келип, мугалимдерге басым жасай албайт. Сузака мектебиндеги абал ар бир мектепте болот. Болгону бул иш ачыкка чыгып, калгандары ачыкка чыккан эмес. Азыр ата-энелер да абдан каприз, аларга мугалимдердин кылык-жоруктары жакпайт. Мугалимдер да күнөөлүү, көбү кызыктырып, сапаттуу окута алышпайт. Кээ бир адамдар сабактын 45 мүнөтүн текке кетиришет. Класстардагы видеокөзөмөл коопсуздук маселесин бекемдөөгө, чыр-чатактарды минималдаштырууга жана билим берүүнүн сапатына өбөлгө түзөт», — деди ал.

Читайте также: