Арасында 4, 6 жаштагы балдар бар. Алайда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Чоң-Алай районунда жол кырсыгынын кесепетинен үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ош-Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 66-чакырымында болгон. Жүк ташуучу унаанын чиркегичинен контейнер Hyundai Porter унаасына кулап түшкөн. Окуя болгон жерден алты жаштагы бала А.А., төрт жаштагы А.Б. тез жардам унаасында каза болуп, 36 жаштагы Ж.У. 29 жаштагы жаран жаракат алган. Окуя болгон жерге төрт куткаруучу чакырылган. Алар каза болгондордун жана жабыркагандардын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.