Ысык-Көлдө Токтобай уулу Шамейдин эстелиги ачылды

Өткөн жумада Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Токтобай уулу Шамей атындагы мектепте чоң майрам болду. 1993-жылдан бери Шамей атанын атын алып жүргөн мектеп мындан 2-3 жыл мурда жаңы салынып, жаркырап калган экен, эми мектептин алдына Шамей атанын эстелиги орнотулду. Эстеликти ачуу аземине Бишкектен кыргыз эл акыны Менди Мамазаирова, журналист, акын Сымбат Максутова, мектептин жалпы жамааты, айылдын аксакалдары, Тоң районунун жетекчилери, Шамей аксакалдын балдары, неберелери катышты.
Шамей Токтобай уулу Тоң районунун Боз-Бешик кыштоосунда туулган. Жетим өскөн бала Үркүнгө да барып келген. 1920-жылы Тоң жергесинде биринчи болуп мектеп уюштуруп, 1930-жылга чейин анда өзү мугалим болуп иштеген. 1929-жылы Коммунисттик партиянын катарына кабыл алынган. 1935-жылы “Жалчы” колхозунда жыгач уста, андан соң колхоздун биринчи башкармасы болгон. Ал көптөгөн ырларды да жазып, СССР Жазуучулар союзуна мүчө болуп кабыл алынган. Ырлары орус, англис, немис тилдерине которулган. Шамей аксакал жыгач уста болгондуктан ээр, комуз да чапкан. Жаны тынбай, өтө көп эмгектенген. Айылда абройлуу болгон Шамей аксакал 101 жашка чыгып кайтыш болгон. Анын басып өткөн жолу, өмүрү, чыгармачылыгы жаштарга, кийинки муунга үлгү болуп кала берди.
Мектептин алдына коюлган эстелигин Шамей атанын кызы Турдугүл эже, анын жолдошу, жаш кезинде акын Жолон Мамытовдун жакын досу болгон Эмил Карабеков балдары менен орнотушту.

Читайте также: