Президент Садыр Жапаров: «Биз кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн кеңейтүүнү көздөйбүз»

Президент Садыр Жапаров: «Биз кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн кеңейтүүнү жана чыңдоону, бири-бирибизди колдоону, азыркы замандын коркунучтарына каршы күрөшүүнү көздөйбүз»
«Биз кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн кеңейтүүнү жана чыңдоону, бири-бирибизди колдоону, азыркы замандын коркунучтарына каршы күрөшүүнү көздөйбүз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-майда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон кеңейтилген курамдагы жолугушууда.
Жолугушууда Президент Садыр Жапаров төмөнкүлөрдү белгиледи: «Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, быйыл Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Бул мааракелик жылда бүгүнкү күндүн талаптарын эске алуу менен эки тараптуу мамилелерибиздин сапаттык жаңы деңгээлге чыгуусуна көмөкчү боло турган союздаштык мамилелер жөнүндө эки тараптуу келишимибизди жаңыртуу маанилүү деп эсептейм. Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтерине Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Союздаштык мамилелер жөнүндө жаңыланган келишимди даярдоону жана Мамлекеттер аралык жогорку кеңештин кезектеги жыйынына кол коюуга киргизүүнү тапшырууну сунуштайм.
Казакстан Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү маселелери биз үчүн негизги ролду ойнойт. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 35%га өсүп, 1 млрд АКШ долларынан ашты. Ишкерлерибизге кызматташууну активдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшүбүз керек.
Келечектүү багыттар катары биз кооперация, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, тоо-кендерин казуу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлору боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын көрүп жатабыз.
»Астана« эл аралык каржы борборуна болгон биргелешкен сапарыбыздын жыйынтыгында эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара алака жанданды. Өткөн жылы Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн жана банк секторунун өкүлдөрү аталган борборго барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кызматташуу боюнча тиешелүү меморандумдарга кол коюшкан.
Жакында өткөн Өкмөттөр аралык кеңештин 10-отурумунун алкагында Бишкек шаарында „Астана“ эл аралык каржы борборунун „Жашыл финансы борборун“ түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Мына ушулардын бардыгы биздин ишкерлерибиздин иш чөйрөсүндөгү байланыштарды түзүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жолго салууга кызыкдар экендигин далилдейт.
Кыргыз тарап инвестициялык жана соода саясатын өркүндөттү, өлкөдө бизнес жүргүзүү жана ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоону камсыздоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү.
Соода-экономикалык мамилелерди диверсификациялоо, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү менен региондорунун ортосундагы кызматташтыкты арттыруу үчүн биз үстүбүздөгү жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында эки өлкөнүн облус башчыларынын катышуусунда Биринчи аймактар аралык форум өткөрүүнү сунуштайбыз.
Анын үстүнө бүгүн облустарыбыздын губернаторлору кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшат. Албетте, аймактардын, шаарлардын ортосундагы бул мамилелер кылымдардан бери уланып келет. Бул эки тараптуу документтер менен аймактарыбыздын өкүлдөрү эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты конкреттүү долбоорлор менен сапаттык жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенем.
Аймакта жана дүйнөдө эпидемиологиялык абалдын жакшырышына байланыштуу мамлекеттерибиздин ортосунда жердеги өткөрүү пункттары ачылып, эки өлкөнүн жарандарын кубандырганы талашсыз. Эми, пандемияга чейинкидей, элибиз атайын уруксатсыз эле чек арадан өтүп, бири-бирине катташып, иш менен же башка жумуштарда иштөө максатында чыга алышат.
Ошондой эле автомобиль транспорту менен мурда болуп келген үзгүлтүксүз жана транзиттик жүргүнчүлөрдү ташууну калыбына келтирүү маанилүү деп эсептейм. Мындай ташуу азыркы учурда аэропортто учуп жүргөн же кургактык чек арасын кесип өткөн жарандарга карата колдонулуп жаткан бардык санитардык нормаларды жана талаптарды сактоо менен ишке ашырылаары шексиз.
Албетте, маданий-гуманитардык байланыштар биздин мамилелерибиздин маанилүү бөлүгү болуп саналат жана биз аларды өнүктүрүүбүз керек. Дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында үстүбүздөгү жылы бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Жыл аягына чейин Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда. Нур-Султан шаарына Манастын эстелигин орнотуу иштери да жүрүп жатат.
Бүгүн Сиздин катышууңузда Бишкекте казак элинин улуу акыны Абай Кунанбаевдин эстелигинин ачылышы болот. Абайдын философиялык жана поэтикалык мурасы ар түрдүү маданияттарды өз ара таанып билүүнүн универсалдуу ачкычы болуп саналат. Казактын улуу гуманисти жана педагогу улуттук сезимдердин жана өзүн-өзү аң сезимдин жаркын өкүлү катары элдердин маданият аралык кеңири диалогун жактап, улутчулдукка каршы чыккан.
Маданияттар аралык диалог эзелтеден бери кылдаттык менен сакталып, муундан муунга өтүп келген. Бул биздин жалпы сыймыгыбыз. Биздин бир тууган республикаларыбыздын ортосундагы маданияттар аралык, улуттар аралык, мамлекеттер аралык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз.
Ушул өңүттө мен биздин планетардык масштабдагы гениалдуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “…Менин башка элдердин босогосун аттоодо эки улуттук ыйык нерсем бар, булар Манас менен Мухтар Ауэзов… Менден казак менен кыргыздар силер кимсиңер деп сурашканда — Мен “Манас” менен Мухтар Ауэзов тууралуу айтып берем. Булар менин элдеримдин символдору жана алар менен мен өзүмдү башкаларга татыктуу тааныта алам”,- дегенин айткым келет”.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.