Жумабеков: Учурда фермерлерден сүт арзан алынып жатат. Элдин эмгегин жебеш керек!

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Дастан Жумабеков өлкөдө сүттүн арзандашы тууралуу Мамлекеттик антимонополия агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаковго суроо узатты:
«Буга чейин фермерлерден алынып жаткан сүттүн арзандашы Талас облусунун жашоочуулары тарабынан кайрылуулар келип түшкөн. Учурда Таласта фермерлерден бир литр сүттү 22 сомдон сатып жатышат. Сүттү сатып алуу суроо талапка ылайык, баалардын туруктуу болбой жатканын себеби эмнеде экенин түшүндүрүү, ошондой эле Айыл чарба министрлиги сүттү кайра иштетүүчү компаниялар менен кандай иш чараларды алып барууда»,-деди ал. 
Өз кезегинде Тайлаков бул маселе боюнча учурда ар бир жерде чара көрүлүп жатканын белгиледи.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.