Сузактагы мугалим менен окуучунун ортосундагы чыр: Акыйкатчы үн катты

Сузакта мугалим мектеп окуучусуна кол көтөргөндүгү боюнча акыйкатчы Атыр Абдырахматова социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
Анда ал:
«Урматтуу туугандар, элим качан токтолобуз? Жаш бала, кичинекейлерибиз, өспүрүмдөр буюм эмес, мал эмес, жеке менчик эмес, мүлк эмес. Эч ким баланы урганга, сөккөнгө, жаман сөз айтканга укугу жок!
Кордукта, укуктары чектеп тебелеп чоңойгон балдарыбыз кайтадан алсыз, умтулуусуз коом катмарын толуктайт, көздөрүндө, ойлорунда кыял, үмүт жок, адилетсиздиктин туңгуюгу гана болот.
Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы тууралуу коллегаларым мектеп директору, кыздын ата-энеси, райондук милиция менен байланышка чыгып маалымат топтошту. Эртең райондон текшерүү барат экен.
Мен Азербайжандамын, видеону толук көрдүм. Бардык тараптын маалыматын алдым. Ошондуктан орун басардын колу менен эртең Акыйкатчыдан талап жөнөтүлөт. Мугалим жоопкерчиликке тартылыш керек. Мектеп директору да жооп бериш керек, жетекчи катары мындай иш аракеттерди алдын ала токтотпой, балдарыбызды адам көрбөй, кыздарыбызга орой, теңсиз мамилени сиңиргендер — коомдо зордук-зомбулуктун түптөлүшүнө, күчөшүнө салым кошкондор», — деп жазган.

Эске салсак,  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видео социалдык тармакка таркап, кызуу талкуу жараткан.
https://www.instagram.com/tv/Cd-6ROfA4i5/?utm_source=ig_web_copy_link
https://www.instagram.com/tv/Cd_UizYgC-i/?utm_source=ig_web_copy_link

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.