Түштүк Суданда сот киши өлтүргөндүгү үчүн койду 3 жылга эркинен ажыратты

Түштүк Судандын соту 45 жаштагы Адье Чапингди өлтүргөн койду үч жылга эркинен ажыратты. Жаныбар Адуэл округунун аскер базасында кызмат өтөйт, деп жазат NDTV.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, кочкор африкалык аялды башы менен бир нече жолу сүзүп, анын кесепетинен аялдын кабыргасы сынган. Аял алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

«Кочкордун ээси күнөөсүз, бирок кочкор өзү кылмыш жасаган, ошондуктан ал камакка алынып, соттолушу керек», — деген аскер өкүлү Илияс Мабор.

Сот ошондой эле компенсация катары кочкордун ээсин маркумдун үй-бүлөсүнө беш уй берүүнү милдеттендирди. Түрмөдөн кийин күнөөлүү жаныбар жергиликтүү мыйзамдардын талабына ылайык жабырлануучуларга да берилиши мүмкүн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.