Манасчы Дөөлөт Сыдыков кайсы өлкөдө экени белгилүү болду

Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков учурда Түркияда экени белгилүү болду. Ал өзүнун социалдык баракчасына сүрөт жүктөп, төмөндөгудөй деп жазган:

«Манаста чындык бар! Манас кыргыздын байыркысы, азыркысы, келечеги.. Манас ата кыргызды сактаган, кыргыз баласы Манасты даңктаганга милдеттүү. Манасым дастаным, чексиз асманым! Акыйкат, чындык үчүн кайсы мезгил болбосун туу түбүндө тура алган, каршылашкан душманга айкырып найза суналган арбагы тирүү асылым. Төбөмдөгү пиримсиң, колдоп турган шеримсиң. Ааламды аралап атың даңктала берсин. Манас! Манас! Манас!!!

#Түрк эли, #Стамбул шаары. Манас атанын айкели»,-деп жазган.
Эске салсак, ал “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин чуусунан улам жумушун өткөрүп берип, үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. 
http://sokol.media/2022/05/05/d-l-t-sydykov-kyrgyzstandan-chygyp-ketti/

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.