Улуттук банк доллардын эмне үчүн арзандап жатканын түшүндүрдү

Кыргызстанда доллардын арзандашы башка нерселер менен катар Орусиядагы кырдаалга да байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары америкалык валютанын арзандашы үчүн ички жана тышкы дагы бир катар себептер бар. Нурбек Жеңиш Орусия Федерациясында иштеген эмгек мигранттарынын акча которуулары алардын жалпы көлөмүнүн 95 пайызын түзөрүн кошумчалады.

«Сиздер билесиздер, рублдин долларга карата курсу бекемделип, мигранттардын акча которуулары негизинен Орусиядан келип жатат», — деди ал жана Улуттук банк валюта курсун жөнгө салуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.