Кыргызстан мыктылардын катарында. Бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жыйынтыгы чыгарылды

Ошто алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өттү. Жыйынтыктарды бул спорттун дүйнөлүк федерациясы Instagram баракчасына жарыялады.

Эркектер арасында классикалык стилде командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы  үч алтын, эки күмүш жана бир коло медаль утуп биринчи орунга чыкты. Экинчи орунду Түркмөнстандын, үчүнчү орунду Өзбекстандын курама командасы ээледи.

Аялдар арасында Ирандын курама командасы биринчи орунду ээледи. Кыргызстан 2-орунда (эки алтын жана коло, бир күмүш), Өзбекстанда 3-орун.

Мелдештин жыйынтыгында эркектер арасында кыргызстандык эркин күрөшчүлөр үч күмүш жана бир коло медалга ээ болушту. Кыз-келиндер – эки алтын, үч күмүш жана коло медаль.

Азия чемпионатынын алкагында Иран, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан (аялдар жана эркектер) командаларынын арасында командалык турнир өттү.

https://www.instagram.com/sport.gov.kg/?utm_source=ig_embed&ig_rid=25370759-af4c-47f4-b91b-e1afb36748d4

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.