ВИДЕО-Петровка айылында эркек киши 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн

Москва районунун Петровка айылында эркек киши 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган кыздын  тууганы кабарлаган.

Анын айтымында, окуя 26-март күнү айылдагы дүкөндөрдүн биринде болгон. Ал күнү 9-класстын окуучусу  дүкөндү жыйнап жүргөн. Ошол маалда бир киши кирип, тамеки сурап, шымынан жыныстык органын чыгарып, акчасын төлөгөндөн кийин чыгып кеткен.

Ошол учур видеокамерага түшүп калган

«Бул киши мындай кылыгын биринчи жолу жасаган жок. Буга чейин да ушундай болгон. Ошондой эле жогорудагы 15 жаштагы кыздын артынан машинасы менен ээрчип, бактыга жараша ал андан качып кетүүгө үлгүргөн. Биз сиңдибизди дайыма карап турууга туура келип жатат Бир нерсе болсо ,  өткөөл куракта, өзүн-өзү өлтүрүп коёбу деп коркуп жатабыз», — дейт эжеси.

 Окуя боюнча кыздын апасы Москва РИИБге кайрылган. Тергөө иштери жүрүп, бирок соттун чечими менен шектүү үй камагына чыгарылган. Туугандары шектүүнү камакка алууну суранууда.

Кыздын апасы ишти көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен Москва районунун прокуратурасына кайрылган.

Читайте также: